Быйыл Ош облусунда жалпысынан 100дөн ашык объект курулат

Быйыл Ош облусунда жалпысынан 100дөн ашык объект курулат. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, алардын арасында 26 мектеп, 15 бала бакча, 7 спорттук зал, 2 оорукана, музыкалык окуу жай ж.б. имараттар бар.

 

Мындан тышкары, 20га жакын мектеп, китепкана, маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.