Учурда Мамлекеттик ипотекалык компанияда 100 миңге жакын адам кезекте турат

Учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында 100 миңге жакын адам кезекте турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2023-жылы эле турак жай алуу үчүн 38 миң 209 адам Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Компания түзүлгөн 2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека… Кененирээк…

Кийинки жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат

Кийинки жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, Нооруз майрамына байланыштуу өлкөдө 21нен 24-мартка чейин дем алыш жарыяланат.   Ал эми 22-марттагы иш күнү 8-апрелге жылдырылган. Тагыраагы, 7-апрель — Элдик апрель революциясына байланыштуу календарда кызыл менен белгиленген. Бул күн жекшембиге… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир ипотекалык турак жайдын курулушуна капсула салынды

Бишкектин 11-кичи районунда мамлекеттик ипотекалык турак жайдын курулушуна капсула салынды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жерде бала бакча, мектеп, спорт комплекс, бассейн, веложол, соода борбору жана жер астындагы унаа токтотуучу жай болот.   Курулуштун долбоорун ишке ашыруу 5 жылды түзөт, анын 12 айы долбоордук-сметалык документтерди даярдоого… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Анкара – Горький көчөсү, Аламүдүн суусу, темир жол менен чектешкен аймакта жана Октябрь көчөсүндө ичүүчү суу берүү токтотулат.   Мындай чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкекте Иран искусствосунун күндөрү өтөт

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде 13-16-март күндөрү Иран искусствосунун күндөрү өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдагандай, иш-чара Иран маданияты күндөрүнүн алкагында аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда. Көргөзмөдө каллиграфия, миниатюра, торевтика, маркетри жана эмалга сүрөт тартуу чеберчилиги менен таанышууга… Кененирээк…