Ысык-Көлдүн Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темировка айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.

 

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ФАПтын имаратынын курулушу “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен башталды.

 

Объектти ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.