Кыргызстанда жеке медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. УКМКдан билдиришкендей, мындай чечим менчик медициналык мекемелердин катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынды.
Натыйжада, томографиялык изилдөөлөрдүн бардык түрүнүн баасын 20%га чейин түшүрүү макулдашылды. Эске салсак, буга чейин медициналык лабораториялар бааны 30 пайызга чейин арзандатканы кабарланган.