Кыргызстан менен Казакстан продукцияны импорттоого чектөө салбоого макулдашты

Кыргызстан менен Казакстан продукцияны импорттоого чектөө жана тыюу салбоого макулдашты. Экономика министрлигинен билдиришкендей, тараптар мыйзамсыз сертификаттарды берүүнүн алдын алууга багытталган чараларды биргелешип ишке ашырууну чечишти. Тактап айтканда, документтерди берүү процесси санариптештирилип, мыйзам бузуучулар сертификаттоо органдарынын бирдиктүү реестринен чыгарылат.

 

Экономика министрлиги ошондой эле 20-марттан тарта шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо функциялары Стандартташтыруу жана метрология борборуна өтөөрүн белгилейт. Бул көптөгөн көйгөйлөрдү чечет деп күтүлүүдө.