Кыргызстандын түштүгүндө жылытуу мезгили этап-этабы менен аяктоодо

Кыргызстандын түштүгүндө жылытуу мезгили этап-этабы менен аяктоодо. Бул тууралуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын буйругуна ылайык, бүгүнкү күнгө чейин “Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси”, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр” филиалынын бардык отканаларында жылуулук берүү токтотулду. Ал эми “Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин” 6 отканасы токтоду.

 

Эми бул ишканалар алдыдагы 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштайт.