Бишкекте айрым көчөлөр үч күнгө жабылат

Бишкекте 19-марттан 21-мартка чейин айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтында Ноорузду майрамдоого байланыштуу Чүй проспектиси — Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Раззаков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Орозбеков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин… Кененирээк…

Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына карата даярдыктар башталды

Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына карата даярдыктар башталды.   Белгилей кетсек, элдик майрамды белгилөөгө карата 20-21-март күндөрү айрым борбордук көчөлөр жабылат. Нооруз — жаздын жана кайра жаралуунун майрамы

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 5 500 чукулдады

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 12-мартка карата Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык (корь) жуктургандардын саны 5 446 адамга жетти.   Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 1 653 киши. Чүй облусунда 1 228, Жалал-Абадда 975, Ош облусунда 907, Ош шаарында 334, Баткенде… Кененирээк…

19-мартта Бишкектеги айрым үйлөрдө суу өчүрүлөт

Эртең, 19-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Бишкектеги айрым үйлөрдө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек суу-канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.   Өчүрүү «Аэропорт» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүрүп жатканына байланыштуу экени айтылган маалыматта. Мындан улам Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги №93/1,… Кененирээк…

Владимир Путин шайлоодо 87% добуш менен алдыда

Россиянын президенттик шайлоосундагы протоколдун 99,01 пайызы иштелип чыкты. Бул тууралуу РФтин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка караганда, Владимир Путин алдыда бара жатат. Ал шайлоочулардын 87,33 пайыз добушуна ээ болгон. Эске сала кетсек, Россияда президенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Учурдагы 87 пайыз — бул Россиянын тарыхындагы… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, артиллериялык снаряд менен аткылоо жумуштары бүгүн аткарылат.   Буга байланыштуу трасса  маал маалы менен чектелип, унаа кыймылы токтотулат. Сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга 112 кыска номерине чалып, актуалдуу… Кененирээк…

Кыргызстандын кооз жайларын онлайн форматта дагы көрсө болот

Кыргызстандын кооз жайларын онлайн форматта дагы көрсө болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 15 панорамалык камера иштеп жатат.   Алардын жардамы менен шаарларды, тоо кыркаларын, тарыхый эстеликтерди, улуттук парктарды реалдуу убакыт режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ведомство жакын арада камералардын санын 100гө жеткирүүнү пландап… Кененирээк…

Караколдогу тоо-лыжа базасына барчу жол оңдолот

Караколдогу тоо-лыжа базасына барчу жол оңдолот.   Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолго асфальт төшөлүп, тротуар жана веложолчо куруу пландалууда.   Учурда долбоордук-сметалык документация даярдалып жатат.

Ошко Өзбекстандан сатып алынган автобустардын биринчи партиясы келди

Ошко Өзбекстандан сатып алынган автобустардын биринчи партиясы келди.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, транспорттун калган бөлүгү 21-мартка чейин жеткирилет деп күтүлүүдө. Эске салсак, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан жетишилген макулдашууга ылайык, Ош шаарына лизингге 100 автобус алынат. Коомдук транспорт Самарканд унаа заводунда өндүрүлгөн.

Кыргызстанда шайлоодо аралыктан электрондук добуш берүү системасы ишке кириши мүмкүн

Кыргызстанда шайлоодо аралыктан электрондук добуш берүү системасы ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу Москвадагы форумда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.   Анын айтымында, система өткөн жылы жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда сыноодон өттү. Парламент жаңычылдыкты кабыл алса, добуш берүүнүн мындай ыкмасы акырындап колдонулуп баштайт, — деди Шайлдабекова. Электрондук… Кененирээк…