Баскетбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Иш-чарага Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттун-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев жана баскетбол федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.
Эркектер арасында мелдештин жыйынтыгы:
1-орун Shooters;
2-орун Гиннес;
3-орун Политехник.
Кыз-келиндер арасындагы мелдештин жыйынтыгы:
1-орун Forward;
2-орун AFB — Политехник;
3-орун Токмок.