Кубанычбек Асанов Нарын облусунун прокурору болуп дайындалды

Нарын облусунун прокурору болуп Кубанычбек Асанов дайындалды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы жетекчи бүгүн облус активине тааныштырылып, кызматына киришти.

 

Асанов Кубанычбек Жаанбаевич 1986-жылы 8-майда Ош шаарында туулган.

 

  • 2011-2013-жылдары Нарын шаарынын прокуратурасында;
  • 2013-2017-жылдары Нарын облустук прокуратурасынын изин суутпай издөө ишмердигин жана тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору;
  • 2017-2018-жылдары Ат-Башы районунун прокурорунун орун басары;
  • 2018-2021-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасынын изин суутпай издөө ишмердигин жана тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 2021-жылдан 2024-жылдын 15-мартына чейин Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмүнүн улук прокурору кызматтарында үзүрлүү эмгектенген.

Мындан сырткары, Нарын облусунун прокурорунун орун басары болуп Төлөгөн Азизов жана Нарын шаарынын прокурору болуп Уланбек Тагаев дайындалып, кызматтарына киришти.

 

Белгилеп кетсек, Нарын облусунун прокурору Алтынбек Аттокур уулу башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен кеткен.