Кыргызстанда ишкерликти колдоого 6 млрд 250 млн сомдой насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
«Микро, чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо» долбоорунун алкагында пайызсыз насыяны 9 миң 288 ишкер алды. Бул долбоор 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Маалыматта үстөк пайызсыз насыянын кайтаруу мөөнөтү жана алуу шарттары ачыкталган жок.