Балыкчы — Барскоон жолунун курулушу 2026-жылы аяктайт

Балыкчы — Барскоон жолунун курулушу 2026-жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.   Маалыматка ылайык, курулушту эки жеке компания менен “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.   Андан тышкары, учурда Барскоон — Каракол жолун реконструкциялоо боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Балыкчы — Барскоон… Кененирээк…

“Ак-Кула” ат майданынын мүлкү аукционго коюлат

Бишкек мэриясы Термечиков көчөсү 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын мүлкү аукционго коюлуп, сатыла турганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, шаардын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия түздү. Комиссияга Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бекитилген программа боюнча 10 күндүн… Кененирээк…

АКШ тургуну баласынын туулган датасы менен лотереянын джекпотун утуп алды

АКШ тургуну баласынын туулган датасы менен лотереянын джекпотун утуп алды. Аял көптөн бери лотерея ойноп, дайыма балдарынын туулган күндөрүн камтыган сандарды белгилейт.   Алардын бири көптөн күткөн жеңиш алып келди – аял 1 миллион доллардан ашык утуп алды.

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери 10,8 пайызга кымбатташы күтүлөт

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери 10,8 пайызга кымбатташы күтүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, абоненттердин бардык категориясы үчүн тарифтик саясатты инфляция деңгээлине жараша өзгөртүү пландалууда.   Күтүлгөндөй, жаңы баалар ушул жылдын 1-майынан тарта күчүнө кирет.   Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Кыргызстанда кечээ кечинде катталган жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок

Кыргызстанда кечээ кечинде катталган жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен зилзала кечки саат 9дан 5 мүнөт өткөндө катталды.   Чүй облусунда ал 3 балл, Бишкек жана ордо калаага жакын айылдарда… Кененирээк…

1-апрелден тарта жеке колдонуу үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн босоголору өзгөрүлөт

2024-жылдын 1-апрелинен тарта жеке колдонуу үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн босоголору өзгөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдайт.   Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы №107 чечимине ылайык: коштоочу жана (же) коштолбогон жүктө аба транспортунан же жөө өтүү тартибинен тышкары транспорттук каражаттар менен менен ташылып… Кененирээк…

Майыптардын иш табуусун жеңилдеткен атайын портал ачылды

Министрлер кабинетинин алдындагы Майыптар боюнча кеңештин отуруму өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Отурумга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалык кылып, анда майыптардын билим алуусундагы, ишке орношуусундагы, иштөөсүндөгү тоскоолдуктар талкууланды.   Жыйында сөз сүйлөгөн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция… Кененирээк…

Chevrolet жана Isuzu унаалары жакында Кыргызстандан чыга баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасыАкылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» унаа заводунун курулушу менен таанышты.   Завод ишке кирсе, Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарат. Өндүрүштүк кубаты жылына 10 миң автоунаага жетип, миңден ашык жумуш орун түзүлөт.   Акылбек Жапаров тиешелүү… Кененирээк…

Бишкекте кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында энерго объектилерди оңдоо өнөктүгү башталды

Бишкекте кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында энерго объектилерди оңдоо өнөктүгү башталды.   Ордо калаа электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, 2 күч трансформатору жана 37 подстанция жаңыртылат.   Андан тышкары, 500 чакырымдан ашык жогорку чыңалуудагы линиялар оңдолот. Энергетиктер белгилешкендей, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө электр энергиясын берүүдө… Кененирээк…