Бишкекте автобус жана троллейбустар үн кабарлоо тутуму менен толук жабдылды

Бишкекте автобус жана троллейбустар үн кабарлоо тутуму менен толук жабдылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 600 автобуска жана 92 троллейбуска аялдамаларды жарыялоочу ички жана тышкы автоматтык түрдө кабарлоочу система орнотулду.

 

Мындан тышкары, ордо калаадагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө GPS-трекерлер коюлган, муну менен жарандар “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу керектүү транспорт тууралуу маалымат ала алышат.