Финляндия кайрадан дүйнөнүн эң бактылуу өлкөсү аталды

Финляндия жетинчи жолу катары менен дүйнөнүн эң бактылуу өлкөсү аталды. Мындай тыянакка “Бакыт боюнча дүйнөлүк докладдын” авторлору келишти.

 

Алдыңкы үчтүккө Дания менен Исландия да кирди. Эң бактысыз өлкөлөр Афганистан, Ливан жана Конго Демократиялык Республикасы болуп саналат.

 

Өлкөлөрдөгү бактылуулуктун деңгээлин аныктоо үчүн талдоочулар алты негизги факторду – социалдык колдоо, киреше, ден соолук, эркиндик, айкөлдүк жана коррупциянын жоктугун эске алышат.