Кыргызстанда дыйкандар күйүүчү-майлоочу май менен 100% камсыз болот

Кыргызстанда дыйкандар күйүүчү-майлоочу май менен 100% камсыз болот. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен керектүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

 

Белгиленгендей, быйылкы жазгы талаа иштерине 100 миң тоннанын тегерегиндеги күйүүчү-майлоочу май керектелет.