Аскат Жетиген эки айга камалды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-мартта ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенди 19-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

 

Адвокаты Венера Буудайбекова ырчыга 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козголгонун айтты.

 

УКМК 16-мартта Аскат Жетигенди Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келип, 48 саатка камакка алган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.