Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу аяктоо алдында турат. Компания учурда кездемелерди чыгарууга багытталган эки инвестициялык долбоордун бирин ишке киргизүүгө даярданып жатат.
Импорттолгон технологиялык жабдууларды орнотуу аяктады.
Долбоорду ишке ашыруу менен Кара-Балта шаарында 600 жаңы жумуш орун түзүлөт. Учурда 100гө жакын адам окуудан өтүп жатат.