Кант шаарындагы “Жаштар аллеясы” көрктөндүрүлөт
Кант шаарындагы “Жаштар аллеясы” көрктөндүрүлөт. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, сынакты шаардык башкармалык жарыялады. Гагарин көчөсүндөгү аллеяда отургучтарды орнотууга, балдар аянтчасын курууга жана бак-дарактарды отургузууга 20 миллион 740 миң сом багытталат.