Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамдарды ачуу маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамдарды ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мекеме жетекчиси Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапарынын алкагында аталган мамлекеттин транспорт министри Лок Сью Фук менен жолугушту. Анда кыргыз тарап малайзиялык авиакомпанияларга бешинчи аба укугун берүү менен түз аба каттамдарын ачууга кызыктар экендигин билдирди.

 

Натыйжада, тараптар бул боюнча сүйлөшүүлөрдү улантмай болушту.