Ош көчөсүн кеңейтүү иштери уланууда

Ош шаарындагы Ош көчөсүн кеңейтүү иштери уланууда. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн Раимбеков көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

 

Жолдун узундугу 800 метрге жакын, туурасы 12 метрди түзүп, эки тарабына тротуарларды куруу, ирригациялык тармактарды орнотуу, көчөнү жарыктандыруу каралган. Жумушту толук бүткөрүү сентябрь айына белгиленген.