Базар-Коргондо 420 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды

Базар-Коргон районунун борбордук «Ак-Тайлак ата» мечитинде райондун айыл аймактарынан келген 420 үй-бүлөгө Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө азык-түлүк баштыктары таратылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.   Кайрымдуулук иш-чарасы Базар-Коргон райондук хатибияты тарабынан демилгеленип, «Икомут-Татвиир» фондунун колдоосунда ишке ашырылды. Анда муктаждарга ун, кум шекер, макарон, өсүмдүк майы,… Кененирээк…

Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар толугу менен алынат

10-апрелден тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар алынат. Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев – 7-Апрель көчөсү – Чүй – Манас проспектиси менен чектелген аймакта кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.   Шаардын борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуу үч этапта жүргүзүлөт. Экинчи этап 10-майдан башталса, үчүнчүсү 1-июнда болот.… Кененирээк…

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин төрагаларына айлык берүү сунушталды

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин төрагаларына айлык берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында биринчи окуудан өттү.   Документке ылайык, айыл аймагындагы калкынын санына карабастан бардык жергиликтүү кеңештердин төрагаларына айлык чектөө каралууда.   Белгилеп… Кененирээк…

Бишкекте адамды жүзүнөн тааныган видеокамералар үчүн 40 млн сом керек

Бишкек бийлиги ордо калаанын милициясына адамды жүзүнөн тааныган видеокамералар үчүн 40 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.   Каражатка видеокамералардан тышкары тиешелүү жабдууларды сатып алуу пландалууда.   Мэрия менен Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу келишими Бишкек шаардык кеңешинин бекитүүсүнө жөнөтүлдү.

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 47 млн евро алышы мүмкүн

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 47 миллион евро алышы мүмкүн. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, каражат Ысык-Көл облусундагы жолдун курулушуна жумшалат.   Маалыматка ылайык, акчанын бир бөлүгү насыя, бир бөлүгү гранттык негизде берилет. Анын негизинде Балбай баатыр – Каракол жолунун участогун куруу пландалууда.  … Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында мобилизациялык резервдик жыйын башталды

26-марттан тарта Кыргызстандын аймагында мобилизациялык резервдик жыйындын алгачкы этабы башталды.   Коргоо министрлигинен билдиришкендей, бир ай бою Кыргызстандын бардык региондорунан жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки чакырылуучулар аскер ишине үйрѳнүшѳт. Окуу жыйындын аягында катышуучулар Аскердик ант беришип, запаска киргизилип, жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге… Кененирээк…

Түркия Кыргызстандын бир жаранына пенсия чектеди

Социалдык фонддун маалымат кызматы билдиргендей, Түркия Кыргызстандын бир жаранына пенсия чектеди.   2020-жылы тарта кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 237 суроо-талап жиберилген.   Анын ичинен 235 суроо-талап… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү 4-апрелде чектелет.   5-апрелден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Кытай — Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда

Кытай — Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда. Бул тууралуу агро-өнөр жай форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Анын айтымында, бардык процедуралар жыйынтыкталып, быйыл курулуш иштери башталат деп күтүлүүдө. Орточо эсеп менен долбоорду ишке ашырууга 8 миллиард доллар багытталат,… Кененирээк…

Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери башталды

Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери башталды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин аялдамалар жууп-тазаланды.   Ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинде Абдрахманов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин аялдамалар жуулду. Мындан тышкары, Манас проспектисин бойлой… Кененирээк…