Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат

4-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9:00дөн 24:00гө чейин Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковского, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, “Жумушчу шаарчасы”, “Айыл чарба институту”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), “Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев көчөсү) менен чектешкен аймакта суу болбойт.

 

Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.