Бүгүнтөн тарта Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди.
Мэриянын маалыматына караганда, мындай чечим жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды. Ага ылайык, 5-апрелден 1-октябрга чейин таңкы саат 7ден түнкү 9га дейре жүк ташуучу унааларга муниципалдык жолдо жүрүүгө тыюу салынат.