Бишкекте таштанды өрттөөчү завод курулат. Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдиргендей, долбоор Кытай өкмөтү менен биргеликте ишке ашат.
Маалыматка ылайык, завод күн сайын 1 тонна таштандыны жок кылуу күчүнө ээ болот.
Курулушка 95 млн доллар сарпталат, ал ишке киргенден кийин шаардын айланасындагы таштанды полигондору жабылат.