ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, 6-8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачындан улам тоолуу аймактарда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.   Айрыкча Төө-Ашуу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолу, Ала-Бука–Каныш-Кыя–Кызыл-Адыр унаа жолунун Чапчыма ашуусу аркылуу жолго… Кененирээк…

Президент мамлекеттик сыйлыктарды берүүнүн тартиби жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө КР Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.   “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз… Кененирээк…

Чүй облусунда катуу шамалга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Чүй облусунда катуу шамалга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жарандык коргонуу комиссиясынын эсептөөлөрүнө ылайык, шамалдан кийинки материалдык зыян 23 миллион 567 миң сомду түздү.   Эске салсак, 28-мартта болгон катуу шамалда 183 объект жабыркады, анын ичинде 87… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүн Кадыр түн белгиленет

Кыргызстанда бүгүн Кадыр түн белгиленет. Мусулмандардын дин башкармалыгынан  билдиришкендей, адатта Кадыр түн орозо башталгандан кийин 27инчи түндө тосулат.   Аны тоскондор таң атканга чейин уктабастан, жакшылык тилешет. Муфтияттан белгилешкендей, ооз жабууга чейин уктабай отуруу – жетиштүү. Ал эми Орозо айт 10-апрелде белгиленет.

9-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

9-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал күнү саат 9:00дөн 23:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек-Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрүн камтыган аймакта суу болбойт.   Суу Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо… Кененирээк…

Кийинки иш жумасы бир күнгө кыска болот

Кийинки иш жумасы бир күнгө кыска болот. Эмгек министрлигинен эскертишкендей, быйыл Орозо айт 10-апрель, шаршембиге туура келет. Майрам кызыл даталарга киргендиктен, бул күнү расмий түрдө дем алыш жарыяланат.   Белгилеп кетсек, Орозо айт рамазан айынын жыйынтыкталышын билдирет, бул күнү Эски аянтта айт намазы окулат.

Кесиптик лицейлердин жана колледждин директорлугуна бош орундарга ачык сынак жарыяланды

Кесиптик лицейлердин жана колледждин директорлугуна бош орундарга ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурс 20 кесиптик лицей жана колледждин директорлугуна өтөт.   Керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында бар. Алар  16-апрель кечки саат 6га чейин кабыл алынат.

Бишкекте катуу шамалдан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алынды

Бишкекте катуу шамалдан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алынды. Болжол менен бороон-чапкын учурунда 16 миллион 750 миң сомго зыян келтирилди.   Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Эске салсак, 28-мартта шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге чейин жетип, 10 адам жабыркаган. 140тан ашык бак кулап, 13 унаа… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде бир нече жолу жер титиреди

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде очогунда күчү 3төн 4 баллга чейин жеткен үч жер титирөө катталды.   КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, 4-апрелде саат 09:52де Кытайдын аймагында күчү 4 балл, андан кийин 21:26да — 3,5 балл жана 5-апрелде кыргыз-кытай чек арасында 00:52де очогунда күчү 3 баллга… Кененирээк…

АКШ тургуну лотереядан джекпот утуп, жеңишине ишенбей койгон

АКШ тургуну лотереядан джекпот утуп, жеңишине ишенбей койгон. Оюндан кийин 1 миллион долларды утуп алганы тууралуу билдирүү келген. Бирок аял муну шылуундар жөнөтүп жатат деп ойлогон.   Почтасына лотерея уюштуруучуларынан расмий кат келгенде гана аял бактысына ишенди. Эми ал жаңы үй сатып алып, карыздарынан кутулуп,… Кененирээк…