Быйылкы жылга дем берүүчү гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди

Быйылкы жылга дем берүүчү гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Анын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу социалдык мекемелер, мектеп, бала бакча, медициналык жайлар жакшыртылат. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн.