Боршайком үч шайлоо округу боюнча 35 талапкерди каттады

Боршайком Ош, Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкерди каттады. Анын ичинен №2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан 14 талапкер жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан 11 талапкер катталды.

 

Аталган аймактардан парламент депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү 28-мартта аяктаган. Үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт.