Ороктогу жаңы стадион ФИФАнын бардык талаптарына жооп берет

Ороктогу жаңы стадион ФИФАнын бардык талаптарына жооп берет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, стадион 45 миң адамга ылайыкталып курулууда. Курулушка болжол менен 60 млн доллар керектелет.

 

Объекттин ачылышы 2026-жылы Эгемендүүлүккө карата болот деп күтүлүүдө.