Кыргыз-кытай чек арасы штаттык режимде иштеп жатат

Кыргыз-кытай чек арасы штаттык режимде иштеп жатат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү кечээ жабык болду.   Бүгүнтөн тарта  кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр кадимки тартипте өткөрүлүүдө.

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

  Кыргызстан катуу суу ташкынынан жапа чеккен Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Ал Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуудан кийин казак бийлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөткөнүн эске салды. Казакстандын батыш, түндүк жана чыгыш аймактарында… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 4 позицияга абалын жакшыртты

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 4 позицияга абалын жакшыртты. Жаңыланган рейтингде “ак шумкарлар” 100-орунду ээледи. Биздин кураманын капчыгында 1 миң 213 упай бар.   Биринчи орунда Аргентина курамасы турат. Андан кийинки позицияда – Франция жайгашса, Бельгиянын улуттук футболчулары мыктылардын үчилтигин бекитет.

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктады

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктады. Бирок олуттуу себептер менен жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.   Novosti.kgге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдиргендей, тест тапшырууга бир күн калганда, тактап айтканда 16-майда абитуриенттер тест борборлоруна келиши керек.   Жанында тестирлөө үчүн төлөмдүн… Кененирээк…

Нарында дрон чыгарган завод курулат

Нарында дрон чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма-сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тиешелүү меморандумга “Кыргызстан – Кытай” бизнес-форумунда кол коюлду.   Заводдун курулушу жакын арада башталат. Ал ишке берилсе аймакта жаңы жумуш орундары түзүлүп, өндүрүлгөн продукция экспортко багытталат деп… Кененирээк…