27-28-мартта Бишкектин четиндеги айрым жерлерде газ өчүрүлөт

 Борбор калаанын Көк-Жар айылындагы «Сары-Челек», «Сейтек», «Искендер» турак жай комплекстеринде 27-марттан 28-мартка чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлады.
Көгүлтүр отту берүүнү убактылуу чектөө бир катар аймактардагы көп кабаттуу үйлөргө газ киргизүүгө жана газды жөнгө салуучу №62 пунктунун жабдууларын жогорку кубаттуулуктагы жабдууларга алмаштыруудан улам болгонун түшүндүрүштү.
Ишканадан шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүшкөн.