Ош шаарында Улуу Жибек Жолунун кербенин чагылдырган инсталляция пайда болду

Ош шаарында Улуу Жибек Жолунун кербенин чагылдырган инсталляция пайда болду. Мэрия маалыматына ылайык, 19 төөнүн, кербенчи, тайган, жылкылардын элеси берилген объект Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага коюлду.

 

Инсталляция көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулуп, аймакты оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да ушул мекемеге жүктөлдү.