Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 2-туру башталды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 2-туру башталды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкедей, ал 29-июлда аяктайт.

Акыркысы 3-августтан 5ине чейин жүргүзүлөт. Ал эми “Абитуриент онлайн”

платформасы аркылуу 1-турдун алкагында жалпысынан 30 миң талон каттоодон өттү.

Анын 17,5 миңи 64 ЖОЖго сунушталды. Ар бир турда эки талон берилет.

Бири бюджеттик негизде болсо, экинчиси келишимдик түрдө. Ведомстводон белгилешкендей,

ар бир тур аяктагандан кийин абитуриент тандаган окуу жайында

билим алуусунун каалашын же баш тартуусун билдириши керек.