Кыргызстан Кытай менен чек арасында санитардык көзөмөлдү күчөттү

Кыргызстан Кытай менен чек арасында санитардык көзөмөлдү күчөттү. “Азаттыкка” Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидем көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева билдиргендей, “Торугарт”, “Иркештам” бекеттеринде, “Манас” аэропортунда санитардык көзөмөлдөөчү кызматкерлер иштеп жатат.

 

Ал жерлерде адамдын дене табын өлчөөчү портативдик тепловизорлор да орнотулуп, Кытайдан келгендерди текшерүүдө.  Кыргызстанда коронавирус учурлары катталган жок. Кайрылгандар болгон жок,  деди Оторбаева.