Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүндө медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүндө медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, адистер эпидемиологиялык абалы курч болгон мамлекеттерден келгендердин бардыгын текшерип жатат.

 

Кытайдын жарандары карантин өтүүчү атайын обсерваториялык жайларга жайгаштырылууда.

 

Ошол эле Кытайдан келген кыргызстандыктар дагы санитардык-карантиндик түйүндөргө жаткырылып жатат. Бул жерлерде алар толугу менен медициналык кароодон өткөрүлүшү керек.