Жалал-Абадда жер көчкү коркунучунан 10 үй-бүлө көчүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски жер көчкү активдешкени байкалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Буга байланыштуу учурда кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүндү.

 

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун аймагында кооптуу аймакта 1 миң 67 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келет. Аларга жыл сайын жер которуу боюнча эскертүү берилет.