“Реал Мадрид” Испания Суперкубогунун жеңүүчүсү аталды. Финалдык беттеште “Реал” менен “Атлетико” кез келди. Оюндун негизги жана кошумча бөлүгү тең чыгуу менен аяктады.
Пенальтилер сериясында “Реал” “Атлетикону” 4:1 эсебинде жеңип алды. 11-ирет Суперкубокко ээ болгон “Реал Мадрид” азыркы тапта кубокту 13 жолу уткан “Барселонадан” кийинки орунда турат.