Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “Бавария” “Барселонаны” жеңип алды.
Кечээ өткөн беттеш 8:2 эсебинде аяктады. Германиялык клубдан Томас Мюллер,
Иван ПЕришич, Серж Гнабри, Йозуа Киммих, Роберт Левандовский жана Филиппе Коутиньо
каршылашынын дарбазасына гол киргизишти. Ал эми “Барселона” командасынан оюндун
57-мүнөтүндө Луис Суарес гол тепти. Мындан тышкары, немец командасынын футболчусу
Давид Алаба 7-мүнөттө өзүнүн дарбазасына топ киргизип алды. Муну менен “Бавария”
Чемпиондор Лигасында плей-офф беттешинде 8 гол киргизген тарыхта алгачкы команда болуп калды.
Ал эми “Барселона” мындай эсепте жеңилүү ызасын тарткан эмес.
Эми жеңүүчү команда 19-августта “Манчестер Сити – Лион” менен кездешет.