“Ювентус” клубунун башкы машыктыруучусу Андреа Пирло кызматынан кетти

“Ювентус” клубунун башкы машыктыруучусу Андреа Пирло кызматынан кетти. Мындай маалымат туриндик клубдун расмий сайтына жарыяланды. Андреа Пирло “Ювентус” клубуна 2020-жылы машыктыруучу болуп келген.

 

Аны менен бирге клуб Италиянын Кубогун жана Суперкубогун жеңип алып, А сериясында 2011-жылдан бери биринчи жолу чемпион болбой калган.