ЕАЭБге мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусу онлайн форматта өтөт

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу онлайн форматта өтөт.

Президенттер Бишкекке келбейт.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил МясникОвич билдирди.

Анын айтымында, саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар.

Пландаштырылган биринчи Евразиялык экономикалык форумга Биримдиктин мамлекет башчылары да видеоконференция аркылуу катышат.

Биз муну бетме-бет форматта өткөрүүгө даярданып жатканбыз, бирок кечээ жакында эле президенттер жыйынга онлайн катышат деп чечтик, — деп айтылат маалыматта.

Белгилегендей, форумдагы секциялардын иши жана панелдик талкуулар пландалгандай Бишкекте жеке өткөрүлөт. Эске салсак, экономикалык форум 27-майда өтөт.