Айрым унаа ээлерине жеңилдиктерди берүү сунушталды

Парламентте айрым унааларга “жашыл номерлерди” киргизүү жана анын ээлерине жеңилдиктерди берүү сунушталууда.

 

Кеп электромобилдер, катализатору бар унаалар жана ОСАГО полиси жөнүндө болуп жатат.

 

Мындай транспорт каражаттарынын ээлери атайын шарттарды ала алышат. Алсак, төмөндөтүлгөн каттоо баасы, унаа салыгы, айыптар ж.б.

 

Демилгечилер бул жарандарды “жашыл” транспортту колдонууга үндөп, экологиялык абалды жакшыртат деп эсептешет. Документ талкууга коюлду.