Кыргызстанда быйыл сүт өндүрүү көбөйдү. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-ноябрь айларында республика боюнча 1 миң 582 тонна сүт өндүрүлдү.
Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 28 миң тоннага көп. Сүт өндүрүү республиканын бардык аймактарында жогорулады. Бул саан уйлардын көбөйгөнү менен байланыштуу, — дешти ведомстводон.