Кыргызстанда рубль жүгүртүүгө киргизилгени боюнча маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда рубль жүгүртүүгө киргизилгени боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.  Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен эскертишкендей, өлкөдө мыйзамдуу түрдө төлөм каражаты катары сом гана киргизилген.

 

Андыктан, өлкөдөгү товарларлардын жана кызматтардын баасы сом менен гана көрсөтүлүшү керек.

 

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен импорттолгон товар жана кызматтар чет элдик валюта менен төлөнүшү мүмкүн.