Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт.
Мэриянын маалыматында, эртең саат 9дан кечки 5ке чейин
Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында суу жок болот.
Ошондой эле аймактарга тиешелүү Үй-бүлөлүк медицина борбору,
мектеп жана бала бакчалар, китепкана, милициянын аймактык бөлүмдөрү
1 күнгө ишин токтотот. Убактылуу чектөө ремонттук иштерге байланыштуу.