Криштиану Роналду менен Лионель Мессинин көптөн күткөн оюн талаасындагы жолугушуусу болбой калышы ыктымал. Себеби, португалиялык футболчуда кайрадан коронавирус аныкталды.
Белгилеп кетсек, Роналдунун тести 13-октябрда дагы оң жыйынтык көрсөткөн. Анда ал УЕФАнын алкагында Швеция курамасы менен беттешти өткөрүп алган. Эми болсо “Ювентустун” “Барселона” менен жолугушуусуна катышпай калышы мүмкүн.