Айсулуу Тыныбекова кыздар арасындагы күрөштөгү тарыхта эң мыкты деп табылды

Айсулуу Тыныбекова кыздар арасындагы күрөштөгү тарыхта эң мыкты деп табылды.

Бириккен Күрөш Дүйнөсү уюму Instagram баракчасында кыз-келиндер күрөшүнүн

атактуу өкүлдөрүнүн мыктыларын тандаган онлайн добуш берүүнү уюштурду.

Виртуалдык турнирдин ар багытында сегизден катышуучу болду.

Аларга дээрлик 300 миң адам добуш берди. Финалда Айсулуу Тыныбекова

индиялык Винеш Пхогат менен чыкты. Тыныбекова добуштардын

58 пайызын алып, атаандашын жеңип алды.