Нарын облусуна эксперименталдык шаарча курулат

Ош шаарынын “Кең-Сай” конушуна ири текстиль фабрикасы салынып, бирдей үйлөр курулуп өзгөчө шаарчага айланат.

Нарын облусуна эксперименталдык конуш курулат.

Тийиштүү буйруктун долбоорун Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы конуш Ак-Талаа районунда пайда болот. Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган

Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда.

Ак-Тилек конушу 300 турак жайга же 1500 адамга ылайыкташкан.

Долбоордун суммасы жазылган эмес, бирок өкмөт ага бюджеттик каражат коротулбай турганын айтты.

БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын долбоору аркылуу каражат жана инвестиция

тартылары күтүлүүдө. Бул боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн.

Техникалык документациясы менен өкмөттүн сайтынан кененирээк таанышууга болот.