Мэрия футбол борборунун курулушуна жер тилке бөлүп бербесе,
протест катары Кыргызстан курамасы Бишкекте ойнобойт.
Бул тууралуу Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев билдирди.
Белгилеп кетсек, ордо калаада спорт комплексине жер бөлүштүрүү боюнча
2 күндөн бери талаш-тартыш болуп жатат. Ал эми долбоорду ишке ашырууга
ФИФА каражат бөлүп берүү ниетинде. Эгер аталган көйгөй 31-декабрга
чейин чечилбесе 3 жарым миллион доллар грант башка өлкөгө берилет.