Айсулуу Тыныбекованын Токиодогу Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду

Айсулуу Тыныбекованын Токиодогу Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду.

Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Тыныбекова мелдешке эркин күрөш боюнча 62 килограмм салмакка

чейинки категорияда күч сынап, жарым чейрек финалда латвиялык Анастасия Григорьева менен

беттешет. Ошондой эле балбан Атабек Азисбековдун дагы биринчи атаандашы белгилүү болду.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограммга чейинкилер арасында жарым чейректе килемге чыгып,

венгриялык Виктор Лоринц менен кармашат. Жогорудагы эки спортчу эртең, 3-августа күрөшөт.