Кыргызстандыктар коронавируска каршы вакцина алуу үчүн жашаган жери боюнча катталганына карабай бардык эмдөө түйүнүнө кайрылса болот

Кыргызстандыктар коронавируска каршы вакцина алуу үчүн жашаган жери

боюнча катталганына карабай бардык эмдөө түйүнүнө кайрылса болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакцина бир гана

18 жашка толгондорго жеткиликтүү. Жанында сөзсүз паспорт болушу шарт.

Эске салсак, өлкө боюнча жалпысынан 1 миң эмдөө түйүнү уюштурулду.

Кыргызстандыктар үчүн азырынча кытайлык Синофарм, россиялык

Спутник-В жана британиялык АстраЗенека вакциналары жеткиликтүү.