Айыл чарба азыктарынын экспортуна коюлган чектөө алып салынды

Өлкөдө айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу коюлган тыюу алып салынды.

Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 17-мартта дан, май, кумшекер, жумуртка, уй эти, тоют жана башка товарларды сыртка чыгарууга алты айлык чектөө киргизилген.

Мунун себеби азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааны турукташтыруу максаты менен байланыштуу болгон.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан өзүн-өзү болгону үч гана азык — картөшкө, сүт жана жашылча менен камсыздай алат.