Кыргызстанда июлдун башында сабизге болгон баа төмөндөйт

Кыргызстанда июлдун башында сабизге болгон баа төмөндөйт.

Кийинки айда түшүм жыйноо башталат, андан улам  учурда кымбаттап

жаткан айрым продукциялар арзандайт. Баалардын тез көтөрүлгөнү

мезгилдик гана көрүнүш, — деп билдирди айыл, суу чарба жана

аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу.

Анын айтымында, сабиз айдалган аянттар былтыркыга караганда быйыл көп.

Андан улам, түшүмдүн дагы жакшы болушу күтүлүүдө. Кошумчаласак,

былтыр 5 айда 13 миң тонна сабиз экспорттолсо, быйыл

бул убакта 31 миң тонна сыртка чыгарылды.